ЭЛДИК КАБАР: "Балама күбөлүк күздө берилет экен, ага чейин жөлөк пул албаймбы?" дейт окурман

"Мен 29-июнда кыздуу болдум, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга бардык документтер даяр болчу. Бирок азыр күбөлүк жок деп октябрь айында бериле турганын айтышты. Эми күбөлүк алганга чейин жөлөк пул албайбызбы? Күбөлүк көп эле аймактарда берилбей жатыптыр, маселе тургундарда эмес, өкмөттө болуп жаткандыктан элге алдын ала түшүндүрүү керек", - деп жазат окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Ал Токтогул районунан жазып жатканын кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
toha
2018-08-03 23:19:07
Чын эле озгондода ушул проблема 29 июльда тапшыргам кортычка жок дейби иши кылса эми келиптир миш
0
Mikra
2018-08-03 23:31:03
Шылтоода дагы суйунчу пулду бербештин айласы болуп жатканго айыл жергесинде.Бизде Бишкекте 2-роддомдо сразу эле берет.биз ошол жактан эле алдык 4-майда чыгып атканда эле.и суйунчу пулда алдык 20 кундо эле тушту карточкама.Окмотко рахмат.130шт памперс, ляляга 2сыйра кийим кече,1мешок ун алып алдык.бир аз болсода жардам болду.
+4
Rasul94
2018-08-04 15:08:19
Mikra,Азыр канча озу суйунчу пул
0
Mikra
2018-08-04 18:20:29
Rasul94,4000сом алдык тоолуу аймактар 7000с алышыптыр.
0
Ayida
2018-08-04 00:14:52
Мага суйунчу пулдан дайын жок
0
Benazir08
2018-08-04 00:43:06
Суйунчу пул ошондо ошо памперс мн ун болдубу же кандай?
0
baku24
2018-08-04 01:10:58
Benazir08, картасына тушуптур памперс ун болуп. тоба адамдар кызыкпыз да озу...
+1
Mikra
2018-08-04 18:22:30
Benazir08,жоок карточкама тушту 4000сом.базардан озум барып сатып алдым
+1
Aierke0606
2018-08-04 02:10:42
Менин да эжем төрөдү 16 июльда,бизде да ушул көйгөй.Мен дагы жазсамбы деп ойлодум эле.Күбөлүкө барышса 1 айдан кийин келгиле деди.Сүйүнчү акчасын чыгара албай отурабыз.
+1
Jakjakynas
2018-08-04 07:14:27
Картасынан алып анан ун, памперс алдым деп атат. Куболук эмес мен уч айдан бери тактама алалбай жатам. Барсам эле шылтоосу коп тааныш билиш акча роль ойноп калган бизде
0
Azkoni
2018-08-04 08:41:24
Уй-булоолуу жаштарда ушул нерселер койгой болуп жатат.А бирок жооп берип койгон пенде жок.Урматтуу администрация жооп алып берип койсонуздар кыйла соопко калат элениздер.Жолок пулга талап кылынган документтерди да тактап берсениздер...менден сураныыч.
0
admin_superstan
2018-08-04 10:12:32
Azkoni, сунуш-сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Nuri1988Elim2010
2018-08-04 09:26:36
Демек,баардык райондордо ушул проблема экенда.
0
Mikra
2018-08-04 18:31:35
Урматтуу ата энелер.мен болгону кызымдын куболугунун ксериякописын+озумдун паспортумдун копиясын+банктан счёт ачтыргам ошол счёттун номерин бересиз.банк билет суйунчу пулга счёт ачтырам десениз эле ачат кассага 100с толойсуз 1жумадан кийин келсениз счёт ачып беришет.(АЙЫЛ БАНКТАН) тез тушот экен.бир жумадан кийин счеттук номерди алып барып соцфондго барас 20 кундо тушуп калат.
0
Mikra
2018-08-04 18:36:57
Учетунар кайсыл жерде болсо ошол жерге кайрылас мисалы.селсоветке (айыл окмотко)тапшырас.мен селсоветке тапшыргам.эч кандай акча толобойсуздор.болгону банка счётко 100с толойсуз бирок ошол 100с кайра эле карточканызга тушот.Окмот берип жаткан акчаны алыш керек эгер тушунбосонуздор мага чалгыла тушундуруп берем.0771674821
+1
aidinaernur
2018-08-05 09:27:26
Куболук 6 ай дегенде аран тийди го бизге
0
Munar92
2018-08-05 21:31:44
Куболукту да суйунчу Акчаны да роддомдон берип калдык алып калдык деешип атпады деле жакшы Тороп келип чуркабайт экенбиз леску дагы деле ошол койгой?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан