Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда карама-каршы багытта бара жаткан унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-августта эртең мененки саат 6:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 212-чакырымында, тагыраагы, Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.

"Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчү ташып бара жаткан Мерседес-Бенц жана Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Мерседес-Бенц унаасынын ичиндеги 4 жүргүнчү алган жаракаттарынан улам көз жумган. Ал эми Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын 2 жүргүнчүсү "Тез жардам" кызматы аркылуу жакын жердеги медициналык жайга жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча Мерседес автоунаасынын айдоочусу рулду башкарып бара жатканда уктап кетип, карама-каршы багытта келе жаткан унаа менен сүзүшүп кеткен. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.


4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
salimbek87.kg
2018-08-04 10:45:22
Кудай өзүң сакта кырсыктан жаңылык окуганга деле коркуп калдык Тообо кылдым.
+1
Beka9393
2018-08-04 10:57:35
Кудай сактай көр мен мерсти көрдүм азыр эле экиге бөлнүп кетиптирго.
+1
boris8907
2018-08-04 10:59:29
Beka9393,сүрөтү жок беле
-6
taalai1008
2018-08-04 12:01:33
Айдоочулар уктап эс алып айдайлычы бироонун убалына калбай. Канча бей куноо адамдар коркуп койгулачы.
0
jumaev0084
2018-08-04 12:35:01
Жолдун ортосуна бетондорду койу керек бир бетуу кылып.Ошондо бетме бет кагышбайт болсо да бир машина жабыркайт кандай дейсинер туугандар
+14
Aytur
2018-08-04 14:20:39
jumaev0084, Жол аябай тар ортого бетон койсо повороттор чукул машиналарга ынгайсыздык жаралат.
Жолду кенейтуу зарыл анан ортосун болсо болот.
+1
titanik32
2018-08-04 15:16:55
jumaev0084,Оооууу Бишкектен Ошко канча бетон кетет.315000 бетон тосмо кетет экен.Андан көрө айлоочуларга эскертүү белгилерин көп кою керек.Эми ар бир айдоочу өзү жоопкерчиликти сезе билүү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан