Ысык-Көл облусунда сууга чөгүп жаткан кызды милиция кызматкери куткарып калды. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиришинче, окуя кечээ, 3-августта Жети Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы “Марко Поло” пансионатында болгон.
“ИИМдин “Шумкар” атайын даярдыктагы полкунун сержанты Бейшенбек Теңизбаев сууга чөгүп жаткан кызды байкап калып, аны куткарып калган. Сууга чөккөн кыз 21 жаштагы Ак-Суу районунун тургуну болгон. Ал аталган пансионатта иштегени аныкталган. Учурда кыздын абалы жакшы”, - деди басма сөз катчы.
ӨКМнын ушул жылдын 2-августта берген маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө аймагында 104 адам сууга чөгүп каза болгон. Ал эми жайкы сезондо сууга чөккөндөрдүн саны 81ди түзсө, алардын 20сы Ысык-Көл облусунда катталган.