ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжайдагы медициналык борбордун нөөмөттөгү дарыгери ишке кечигип, бейтаптар "Тез жардам" кызматын чакырууга мажбур болушту" дейт окурман

"Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунда дем алыш күнү нөөмөттө турган дарыгер ишке келбей, бейтаптар "Тез жардам" кызматын чакырууга мажбур болуп жатышат" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жиберген.

"Кызым түнү бою кыйналып чыккандыктан таң атары менен ооруканага алып келгем. Келсек нөөмөтчү дарыгер келе элек экен. Негизи дарыгер иш тартибинде жазылгандай 8:30га келиши керек болчу. Бирок 9:50гө чейин келген жок. Дарыгерден жардам сурап келген бейтаптар оорусуна чыдабай "Тез жардам" кызматын чакырып кетип жатышты. Биз дарыгерди күттүк, бирок келбегенинен айла жок үйүбүзгө кеттик", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asash
2018-08-05 00:12:45
Мына сага, эшек жайлоо, уйкуну кандырыыып,чай пай ичип алып жумушка келмей, айылда мектеп, больница да иштегендерде гана айлык бар,башка жерде жумуш жок, былтыр болницага жумушка кириш учун (бироо), по моему помощник завхоза министерство догу таанышына айтып орношкон, кичине адептуу, болбосок болбойт
+1
senchi
2018-08-05 08:14:54
Иштен алынсын
0
Bayazet
2018-08-07 13:22:39
Ишке кирейн десен места жок дейт пенсионерлер минтип иштешпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан