Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында көлгө чөгүп каза болгон кыздын ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-июлда кыздын жансыз денеси көлгө түшүүгө тыюу салынган жерден табылган.
"25-июлдан бери аты-жөнү белгисиз болуп жаткан кыздын ким экендиги 3-августта аныкталды. Ал 17 жаштагы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну болуп чыкты. Маркум Балыкчы шаарында таежесинин үйүндө жүрүп, чач тарачтын окуусунда окуп жаткан. Ал 25-июлда сынак тапшырып, андан кийин Нарынга кетмек экен. Бирок сапарга чыгардан мурда көлгө барып, тыюу салынган аймактагы сууга түшкөн. Натыйжада сууга чөгүп каза болгон. Анын сөөгүн жакындары алып кетишти", - дейт маалымат кызматы.