Чолпон-Атада телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы бала кармалды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Кечээ, 4-августта "Алтын кум" пансионатынан уюлдук телефондорду уурдоого шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Кармалган учурда анын жанынан Samsung жана IPhone үлгүсүндөгү смартфондор табылган. Сурак учурунда шектүү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын тургуну экенин айткан. Ал 3 күн мурда Ысык-Көлгө атайын иштөө үчүн келген. Тагыраагы, мас болгондордун же буюмдарын кароосуз калтыргандардын акчасын, баалуу буюмдарын уурдоо үчүн келген. Учурда ал Чолпон-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат катчы.

Ошондой эле шектүү катары кармалган бала буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткандыгын кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Suior85
2018-08-05 15:11:07
Козунорго ошондойлор корунот чондордун уурдаганын неге айтпайсынар
-4
Sezim.A
2018-08-05 21:34:49
Буну да таанып калбасын деп нары каратканбы?
0
arno2008
2018-08-06 00:27:42
Алла бизди адашкандардан кыла көрбө.Кайдагы телефон чыкты эле,эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар,кыздар телефон уурдайм деп кылмыш дүйнөөсүнө сүңгүп кирип атышат.Бул балдар биздин келечегибизда,аттиң дүйнөө...?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан