Америкалык белгилүү актёр Стивен Сигал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орус-америкалык гуманитардык байланыш бөлүмүнүн атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Стивен Сигалдын башкы милдети - Орусия менен АКШнын гуманитардык чөйрөсүндөгү мамилелерди жакшыртуу", - деп жазылат маалыматта. Ошондой эле актёр коомдук-саясий кызматты дагы аркалап, бирок ал үчүн айлык акы албай турганын министрликтен билдиришкен. Ал эми актёр эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшап, аракет кыларын айткан.
Стивен Сигал 2016-жылы Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин жарлыгы менен аталган өлкөнүн жарандыгын алган. Учурда актёрдо АКШ, Орусия жана Сербиянын жарандыгы бар.