Бүгүн, 5-августтан баштап Орусия АКШдан ташылып келген товарларга бажы салыгын жогорулатты. Мындай маалыматты Орусиянын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкинге шилтеме берүү менен бир катар чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, АКШдан чыгарылган жол оңдоочу техникага, мунай-газ жабдыктарына жана оптикалык жабдыктарга карата бажы салыгынын көлөмү 25 пайыздан 40 пайызга чейин жогорулатылган.
Буга чейин Вашингтон Орусиядан алып келинген алюминий менен болотко 25 пайыздык бажы салыгын киргизген. Бир катар экономикалык адистер АКШнын бажы тарифин жогорулатуусу Орусиянын экономикасына 540 миллион доллар зыян алып келгенин айтышкан.