Бангладештин борбору Дакка шаарында студенттер менен мектеп окуучулары бир аптадан бери митингге чыгып, жолдогу коопсуздук эрежелеринин сакталышын талап кылышууда. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, өткөн апта аягында тартип сакчылары митингчилерге каршы күч колдонуп 100дөн ашык адам жаракат алган. Андан сырткары бийлик нааразычылыкка кошулган жаштардын агымын чектөө максатында айрым аймактарда интернеттин ылдамдыгын жайлатуу кадамдарына барууда.
Жаштардын нааразычылыкка чыгышына өткөн аптада автобус сүзүп кеткен эки жаш өспүрүмдүн өлүмү себеп болгон.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, Бангладеште жылына жол кырсыгынан 4 миңден ашык адам каза болот.