Түркияда 1 унааны 80 жолу саткан мугалим кармалды

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясындагы билим берүү мекемелеринин биринде иштеген мугалим бир эле унааны 80 жолу сатып, 10 миллион долларга жакын акча менен качып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кармалган Эмре К. аттуу жаран бир нече ай бою жергиликтүү тургундарды мамлекет тарабынан камакка алынган автоунааларды сатууга укук алганын айтып алдап келген. Ал жападан жалгыз автоунааны базар баасынан бир топ арзан саткандан кийин, ага ишенген ондогон кардарлар ага унаа сатып алуу үчүн акча которушкан. Жабырлануучулардын бири 23 унаа сатып алуу үчүн ага бир миллион лира (болжол менен 200 миң доллар) которгонун айткан. Жалпысынан 80ден ашуун кардардын 50 миллион лирасын (9,8 миллион доллар) алып, качып жүргөн мугалим түрк полициясы тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгып кетпөөсү тууралуу түшүнүк каттын негизинде коё берилген. Учурда жабыр тарткан дагы башка жарандар бар экени аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Алдамчылык жолу менен жыйнаган акчаларын ээлерине кайтаргандан кийин үй мүлкү мамлекетке өткөрүлүп, бир нече жылга камала турганы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asdef
2018-08-06 14:46:54
Без лоха жизнь плоха
+10
Frunze2
2018-08-06 14:55:46
Сагызган сактыгынан эмес суктугунан олот деген макал алдаганга да, алдангандарга да тийиштуу экен...
+3
Snejana
2018-08-06 19:11:44
Frunze2, кошулам.
0
Meni_unut
2018-08-06 15:15:51
Гений го озунчо
+1
Omurbek998
2018-08-06 16:07:12
Эскилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан