1987-жылдын 7-августунда Орусиянын Ростов облусундагы "Каменская" темир жол станциясында эки поезд сүзүшкөн. Анын кесепетинен 106 адам каза болуп, 114 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Кырсыктын келип чыгышына оор жүк ташуучу поезддин тормозунун иштебей калышы себеп болгон. Оор жүк менен келе жаткан поезд токтоно албай жүргүнчү ташуучу поезд менен сүзүшкөн.