6-август - Бүткүл дүйнөлүк ядролук куралга тыюу салуу үчүн күрөшүү күнү. Дал ушул күнү 1945-жылы АКШ Япониянын Хиросима шаарына атомдук бомба таштаган. Өзөктүк бомбаларды жокко чыгаруу - БУУнун көптөн бери келе жаткан максаты.
1970-жылы 5-мартта БУУнун демилгеси менен "Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими" күчүнө кирген. Келишимге эгемендүү өлкөлөрдүн дээрлик баарынын өкүлдөрү кол коюшкан. Болгону Индия, Израиль, Пакистан жана Түндүк Корея келишимден баш тарткан.
Бул келишимге кол коюлганына карабай бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 22 миң 105 өзөктүк курал бар. Бул күн дүйнө коомчулугуна жана алардын лидерлерине Жерде өзөктүк куралсыз деле тынчтык орнотууга болорун эскертип турат.
2017-жылы америкалык массалык маалымат каражаттары 1950-жылдары АКШ бийлиги тарабынан жардырылган асмандагы жана суудагы өзөктүк куралдарды сыноолордон канча адам жабыркагандыгын тактоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында мурдагыдан жаңы санды аташкан. АКШдагы Аризона университетинин Кит Майерс баштаган бир топ илимпоздору 1950-1963-жылдары Невада штатындагы ядролук сыноолордон миллионго жакын адам жабыркагандыгын аныкташкан.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ядролук нурдан жабыркаган аймактар буга чейинки айтылып келген чектен кеңири экендиги, адамдар көпчүлүк учурда ядролук нурга ууланган тамак-аш, буюмдарды колдонуу аркылуу жабыр тартышкандыгы белгилүү болгон.
Ядролук бомба жер бетинде жарылса, андан бөлүнүп чыккан энергиянын 50 пайызы толкун түрүндө аймакка шакекче сымал таралат, 30-50 пайызы нур түрүндө жайылып, аймакты куйкалоочу күчкө ээ.
Ал эми ошол эле бомба асманда жарылса, андан бөлүнүп чыккан энергиянын 10 пайызы толкун түрүндө жер бетине таралып, 5-8 пайызы нурланып, калган 85 пайызы аймакка эч тоскоолдуксуз таралат.
Нейтрондук энергиянын толкун түрүндө таралышына караганда нурлануу түрүндө таралышы куйкалоочу күчкө ээ, демек, бул асманда жарылган бомба жердегиге караганда күчтүүрөөк дегенди түшүндүрөт.
Нурлануудан жабыркаган адамдын организминде жүрүүчү кадимки процесстер бузулуп, көз көрүүсү кескин начарлайт жана тукумсуздукка алып келет.
Ядролук жарылуу учурунда электр магниттүү импульс таралган аймактагы электрдик жана электрондук аппараттарды иштен чыгарып, радио байланышты бузат.
Өзөктүк куралды жасоо ХIХ кылымда, тагыраагы, 1889-жылы Мария Кюри жана Пьер Кюри аттуу француз окумуштуу түгөйлөр тарабынан урандан күчтүү энергияны бөлүп алууга мүмкүн болгон ачылыштан кийин башталган. 1934-жылы америкалык окумуштуу Лео Силард алгачкы атомдук бомбага патент алып, дүйнөгө массалык кыйратуучу толкунду тааныштырган. Анын дүйнөгө сатыкка чыгуусу душмандарын талкалап, атаандаштарынан жогору болууну эңсеген өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштыкты жаратып, баасы да бат эле өскөн.
2-дүйнөлүк согуш учурунда өзөктүк куралды иштеп чыгуу аракеттери Германия, СССР жана АКШда жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күндө өзөктүк куралдарды даярдоо боюнча АКШ, Орусия жана Түндүк Корея лидер болуп келүүдө. Дүйнө жүзүндөгү ар бир өлкөнүн куралдары ачык эсептелбегендигине байланыштуу өзөктүк куралга ээ мамлекеттердин так тизмеси жок. Болжол менен гана 22 миң 105 деп эсепке алынып келүүдө.
Учурда АКШнын карамагында өзөктүк ракеталардын саны - 1654, Орусияда - 1480, Кытайда - 240.
2018-жылкы эсеп боюнча, бүгүнкү күнгө чейин жалпы 448 миң 901 адам өзөктүк куралдын курмандыгы болгон.
Украина, Казакстан, Беларусь жана Түштүк Африка Республикасы мындай куралды колдонуудан баш тарткан.
1968-жылы "Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндө" келишимге кол коюлган. Aл эми 1986-жылы өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок бул келишимге айрым өлкөлөр кол коюудан баш тарткан. Андыктан мындай куралдуу соккудан бүгүнкү күндө да кооптонууга туура келет.