
Белгилүү болгондой, адистер эң мыкты унааларды аныктап жаткан мезгилде унаалардын коопсуздугуна жана бир нече маселелерге көңүл бурушкан. Эң негизгиси, алар айдоочулардын пикирлерин эске алышкан.
Бул ирет тизменин сап башында Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаа жайгашкан. Ал эми 2-орунду алган Audi A4 унаасынын кыймылдаткычынын күчү жана аны башкаруунун ыңгайлуулугу айтылган. 3-орунду ээлеген Toyota Camry унаасынын көптөгөн опциялары бар экени, буга карабай ал күйүүчү майды аз сарптай турганы белгиленген.
Ошондой эле бул тизмеге Subaru Forester жана BMW X3 үлгүсүндөгү унаалар кирген.