Англиялык 12 жаштагы кыз дүйнө жүзүндөгү эң бою узун кыз аталганын чет элдик ЖМКлар жазды. Андагы маалыматка таянсак, Англиянын Саутгемптон шаарынын 12 жаштагы тургуну Софи Холлинстин боюнун узундугу 189 сантиметр.
"Мен өзгөчө экенимди мурда эле билгем. Анткени мектеп босогосун аттагандан тартып менин боюм бардыгынан узун болчу", - деп билдирген Холлинс.
"Гиннесстин реккордор китебине" киргенине карабастан Софи ага жасалган операциядан соң анын боюнун өсүшү токтойт деп ишенет. Дарыгерлер кызга Марфандын синдрому деген диагнозун коюшкан. Бул генетикалык оору. Анда организмди уулоочу ткандары жабыркайт. Мындан улам ички органдар жабыркап, адамдын бою тез өсө баштайт.
Софи Холлинстин бою 6 жашында 147 сантиметр болгон. Дарыгерлер кыздын тизелерине операция жасоо жана гормондордун жардамы менен анын боюнун өсүшүн токтотууну аракет кылышкан.
"Марфан синдромуна кабылганымды апам кичинекей кезимде эле айткан. Мен боюмдун узун экенине сыймыктанам. Бирок анын дагы өсүшүн каалабайм", - деп билдирген Холлинст.