Жалал-Абадда жайлоого чагылган түшүп, 158 баш кой-эчки кырылды

Жалал-Абад облусундагы Шылдырак жана Кыз-Көл жайлоосуна чагылган түшүп, 158 баш кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 02:30 чамасында Токтогул районунун Үч-Терек айылына караштуу Шылдырак жайлоосуна чагылган түшкөн. Анын кесепетинен М.М. аттуу жарандын короосундагы 41 баш кой-эчкиси өлгөн. Алардын 35и эчки жана 6 баш кой болгон. Окуя болгон жерге райондук ветеринардык кызматынан 1 жана айыл аймагынан 2 кызматкер барган. Өлгөн кой-эчкилердин тарпы 5-август күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен жерге көмүлгөн.

Ушундай эле кырсык Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы Чал жайлоосунда катталган.

Чал жайлоосуна 3-август күнү саат 02:30 чамасында чагылган түшүп, А.М. жана З.М. аттуу жарандардын короосунан жалпы 117 баш кой өлгөн. Алардын тарпы 5-август күнү жерге көмүлгөнү жазылат маалыматта.

Жалал-Абадда чагылгандын айынан 158 баш кой-эчки кырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
patiydin
2018-08-06 15:30:09
Эл журт ошондуктан Бир аз садака кылып тургула. Боодо кырсыктан сактайт.
+5
KENEWBEK88
2018-08-07 00:52:14
Зекетин бербесе оңой эле алып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан