Чет өлкөдө жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекет тарабынан 50 миң сом берилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Май айындагы өкмөттүн "Башка мамлекеттерде каза болуп калган Кыргыз жарандарынын сөөгүн өз жерине алып келүүгө жардам берүү жөнүндөгү" токтомунун негизинде 50 миң сом акчалай төлөм берилип жатат. Атайын изилдөө иштеринин жыйынтыгында, ар кайсы өлкөлөрдөн алынып келинген "жүк-200дүн" чыгымынын орточо баасы салыштырылган. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин чамасы эске алынып, өкмөт тарабынан жогорку сумма бекитилген. Башында бюджеттен бөлүнө турган каражат кечиктирилип жаткандыгына байланыштуу бир аз көйгөйлөр жаралды. Азыр баары жөнгө салынган. Бир жолу берилүүчү мамлекеттик жардамды алуу үчүн каза болгон жарандын жакын туугандары же анын сөөгүн мекенине кайтарууда чыгымын көтөргөн жаран Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-кеңеш берүү борборунун директоруна арыз менен кайрылуусу керек. Келип түшкөн арызды атайын комиссия карап чыгып, 3 күн ичинде акча каражат которулушу керек. Буга чейин чет жерде каза болгон 54 жарандын туугандары кайрылып, алардын 53үнө жалпы 2 650 000 сом акчалай жардам көрсөтүлсө, биринин арызы артка кайтарылган. Анткени бир эле каза болгон жарандын 2 жакын тууганы өз-өзүнчө арыз жазышып, экөө тең каражат бөлүүнү суранышкан", - деп айтылат маалыматта.
50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай жардам алуу үчүн керектүү документтер:
Каза болгон жарандын жакын туугандары үчүн:
1) Алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
2) Туугандыгын тастыктоочу документтердин көчүрмөсү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк);
3) Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк.
Каза болгон жарандын жакын тууганы болбогон, бирок сөөктүү жеткирүүдөгү чыгымдарды көтөргөн жарандар үчүн:
1) Алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
2) Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) Чет өлкөдө каза болгон жарандын сөөгүн жеткирүүдөгү чыгымдарды тастыктоочу документ.