Түштүк Кореяда акыркы айдагы рейтинги жогору актёрлордун тизмеси жарыяланды. И Бёң Хон бешинчи орунда турат

Түштүк Кореяны дүйнө эли тез ылдамдыктагы экономикалык өсүш жасаганы жана сериалдарынан улам тааныганы белгилүү. Дал ушул сериалдардан улам Корея өлкөсү, K-POP, корей ашканасы жана маданиятына кызыккандардын саны көбөйгөн. Учурда Кореяда мелодрама, комедиялык драма, тарыхый сериалдар көп тартылып жатканын байкоого болот. Сериалдын рейтинги актёрдук курам, тартуучу топтон көз каранды болгондой эле сериал актёрлордун рейтингине таасирин тийгизет.

Атаандаштык күч болгон тармакты изилдеген Корей ишкердик изилдөө борбору июль айындагы рейтинги жогору болгон актёр жана актрисалардын тизмесин жарыялады. Ага акыркы айда маалымат каражаттарында көп чагылдырылган, интернет айдыңында колдонуучулар көп издеген актёрлор кирген.

Жай айларында көрсөтүлгөн "Катчы Ким Ми Сого эмне болду?" аталышындагы комедиялык драманын баш каармандары Пак Со Жун менен Пак Мин Ёң тизменин сап башынан орун алган. Андан кийин Ким Тэ Ри, Ча Ын У болсо, "Ва-банк", "Айрис" сериалдары аркылуу атактуулукка жеткен И Бёң Хон тизмеге бешинчи болуп кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gulzat85
2018-08-07 10:09:34
Ли мин хо очкон го))
0
monster_high_98
2018-08-07 16:34:18
gulzat85,Ошондойго
0
Sagyn.91
2018-08-07 10:50:49
Кайсынысы Кыз, кимиси эркек экенин айырмалаш кыйын го.

Мин Су Ен, ушул кызга эч ким жетпейт болуш керек...
0
Eli.91
2018-08-07 11:58:47
Мака жакканы жокго бирида
0
Aitun
2018-08-07 21:12:37
Богатый мужчинадагы актерлер жокго
0
KyrgyzKagan
2018-08-08 01:27:05
Неге И Бёң Хон деп жазып койгонсуңар? Чын аты Ли Бён Хон (Lee Byung Hun )деп жүрөтго википедияда. Силер кайдан алдыңар?
0
keba300989
2018-08-08 11:51:02
Юн Дуджун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан