Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаш-Тилек айылында трактор менен жеңил унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-августта кечки саат 22:00 чамасында болгон. Анда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 187-чакырымында (Жаш-Тилек айылы) Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен трактор сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгон.