Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сүйлөшүүгө келген 2 баланын колунда курал болгон. Алар патрулдук милиция кызматынын унаасын көрүп, аларга карата ок чыгарган. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кечээ, 6-августта кечки саат 23:20 чамасында облустук ички иштер бөлүмүнө Балыкчы шаарындагы көчөлөрдүн биринде балдар топтолуп, ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу жерине барганда 4-5 баланы көргөн. Алардын экөөсүнүн колунда курал болгон. Тергөөчү топ жигиттерди көздөй бет алганда, алардын бири милиция кызматкерлеринин унаасына карай ок чыгарган. Мыйзамдын негизине ылайык, милиция кызматкерлери табелдик курал менен ок чыгарып, балдарга өз эрки менен куралды жерге таштоосун айткан. Бирок балдар мындай талаптарды аткаруудан баш тартып, качып кетүүгө аракет кылышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында Тоң районунун Шор-Булак айылынын 20 жаштагы Д.А. аттуу тургуну жана Балыкчы шаарынын 20 жаштагы Б.У. аттуу жашоочусу кармалган. Кармалган учурда алардын жанынан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү 2 курал жана 3 ок табылган. Кармалгандар өз көрсөтмөсүндө мурун алардын бир таанышын урушуп жаткан тараптын балдары сабап койгон, мындан улам ошол окуяны териштирүү үчүн барганын айткан. Ошондой эле балдар куралды үйүнөн алып чыккандыгын билдиришкен. Бирок куралдар Балыкчы шаардык ички иштер органында каттоодон өткөн эмес. Учурда аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле окуяга катыштыгы бар мүчөлөрдү издөө иштери улантылып жатканын кошумчалады маалымат катчы.