ЭЛДИК КАБАР: "Мамлекеттик кызматкерлер элдин убактысын сыйлабайт. Ноокат районундагы Бакыт үйүнүн архив бөлүмү саат 10дон өтсө да ачылган жок" дейт окурман
"Мамлекеттик кызматкерлер элдин убактысын сыйлабайт" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жиберди.
Окурмандын бүгүн, 7-августтагы билдирүүсүнө ылайык, анын мындай пикирин айтуусуна Ноокат районундагы Бакыт үйүнүн архив бөлүмү саат 11ге жакындаса да ачылбай турганы себеп болгон.
"Мен архив бөлүмүнө керектүү аныктамаларды алуу үчүн саат 9:00дө бардым, жумушум көп болгондуктан ачылары менен барып аныктаманы алып кетем деп ойлогом. Сыртта иш тартиби боюнча саат 9:00дө ачыла турган мекеменин бул бөлүмү саат 10:30да да ачылган жок. Мен сыяктуу шашып келгендер көп, баары күтүүгө аргасыз болушту. Ушунча кишинин убактысын сыйлабаган кызматкерди эч түшүнө албайм. Мындай абал башка мекемелерде деле бар экенине күбө болуп жүрөм", - деп жазган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.