Бишкек шаардык ЖЭБге көмүр ташып келүүдө коррупциялык иштер дагы эле уланууда. Мындай пикирин бүгүн, 7-августта маалымат жыйында энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев билдирди.
Ал өз сөзүндө көмүр ташып келүүдөгү коррупция иштерине бийлик жетекчилери аралашканын айтып, муну чыккынчылык катары баалады.
"Бишкек ЖЭБди жаңылоо иштери бүткөн учурда бийлик жетекчилери мындан ары Казакстандан көмүр ташылбайт деген эле. Бирок бул аткарылган жок. Керек болсо ошол бийликте тургандар Казак олигархтары менен байланыш түзүп, Казакстандан көмүр ташып келишүүдө. Эмне үчүн өзүбүздүн өлкөдөгү көмүр кендерин казбайбыз? Биздин өлкөдөгү көмүр кендеринде казуу иштерин жүргүзсөк, аймактагы эл да жумуш менен камсыз болмок. ЖЭБге байланыштуу коррупциялык иштерге тиешеси бар делинген адамдардын тагдыры эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Тилекке каршы, андан эч ким сабак албагандай", - деди Үмбөталиев.
Мындан тышкары Үмбөталиев президенттин коррупция менен күрөшүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча айткан тапшырмаларын айрым кызматкерлер аткарбай жатканын билдирди.
"Президент 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Коррупцияны жоюу боюнча да катуу тапшырма берди. Бирок бул аткарылбай жатат. Мисалы, өлкөдөгү көмүр кендерин иштетсек аймактарда жумуш орун түзүлүп, элге да жакшы болмок. Биз 25 жылдан бери Казак тараптан 1 миллиард долларга жакын суммага көмүр сатып алган экенбиз. Бул акча биздин элдин чөнтөгүнө түшсө болмок да", - деди ал.
Ошондой эле эксперт жылына Казакстандан көмүр ташып келүүдө 400 миллион сомдон 1 миллиард 200 миллион сомго чейин өлкө казынасына зыян келтирилип жатканын кошумчалады.
Үмбөталиевдин айткандары боюнча "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бир аздан кийин жооп бере турганын билдирди.