Ысык-Көлдө уйдун этин ташып бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 24 жаштагы айдоочу каза болду

Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Өрүктү айылында жол кырсыгы катталып, 24 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустук бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-августка караган түнү саат 05:00 чамасында орун алган.

"Түп районунун Чоң-Тогуз-Бай айылынын тургуну М.К. өзүнүн жүк ташуучу Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасына 1 тоннадан ашык уйдун этин Каракол шаарынан жүктөп Чолпон-Ата шаарына бара жаткан. Ал Орто-Өрүктү айылына жеткенде түнү менен мал союп, эт жүктөп чарчагандыктан рулда уктап кетип, каршысында келе жаткан Т.Б. аттуу айдоочунун башкаруусундагы СК-5 комбайнын сүзүп, андан ары жолдун четиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жүк ташыган унаанын айдоочусу М.К. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми унаадагы жүргүнчүлөр 45 жаштагы М.Р. жана 19 жаштагы М.Ч. Ананьево айылдык ооруканасынан биринчи жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми комбайндын айдоочусу жалгыз болгон жана жаракат алган эмес", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asemanur
2018-08-07 15:32:13
Каап кор тирилик ай .бейишин болсун
+5
Rolly
2018-08-07 15:55:27
Оу Кудай, сакта пенделеринди... Ким экенин билбейм бирок менин жердешим экен, жаш жигит... Жаны жаннатта болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан