Ноокатта тургун 60 жаштагы коңшусун "Майып сиңдимди зордуктоого аракет жасады" деп күнөөлөөдө

Айкелсин Шерматова: "Сиңдим өз алдынча
баса албайт"


"Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Темир-Корук айылынын 60 жаштагы тургуну менин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген сиңдимди зордуктоого аракет жасап, эми жоопкерчиликтен качып жатат", -
деп айылдын жашоочусу Айкелсин Шерматова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 30 жаштагы сиңдисинин оң колу, буту жакшы иштебейт, өз алдынча баса албайт, жакшы сүйлөй албайт.

"Апам жайлоого, мен жумушка кеткен элем, ошол күнү коңшубуз келип жалгыз калган сиңдимди зордуктоого аракет кылыптыр. Сиңдим жакшы сүйлөй албагандыктан, анын айткандарын биз - жакындары гана түшүнөбүз.

Биз келгенде жамбаш жактары, колдору көк ала болуп жүрүптүр. Сурасак айтып берди, коңшу киши келип аны бөлмөгө жөлөп алып кириптир да, ар кандай сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаптыр. Андан кийин сырткы бөлмөгө алып чыгып, ыплас аракеттерди дагы жасаптыр. Бирок сиңдим каршылык көрсөтүп, анын зордуктайм деген ою ишке ашпай калган. Кантип өзү араң жүргөн майып сиңдиме ушундай мамиле жасайт деп ачууланып кошунабызга айтсак, моюнуна албай, ортобузда чыр чыкты", - деди ал.

Шерматова бул боюнча милицияга арыз жазганын, экспертиза дайындалганын кошумчалады.

"Сиңдим коркуп калган, эми аны жалгыз калтыруудан биз да чочуп калдык. Бирок жашоо-турмуш иштөөгө аргасыз кылат экен. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. Биз сиңдиме карата ыплас иш-аракеттер жасалганын анын денесинен көрүп, өзүнөн угуп жатабыз. Ал баарын сүрөттөп айтып берип жатат, андай нерселерди оюнан чыгармак эмес да. Экспертизанын жыйынтыгы бурмаланбай, туура чыгат, милиция ишти туура алып барат деп үмүт кылабыз", - деди Шерматова.

Муну Ноокат райондук милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү Сапар Жолдошев тастыктап, Шерматованын арызы кабыл алынганын, бирок кылмыш иши козголбогондугун билдирди.

"Бул тургундан арыз кабыл алынары менен үйүнө барып, бардык абал менен тааныштык. Андан соң медициналык экспертиза дайындалды. Эгер кызды чын эле зордуктоо аракеттери көрүлгөнү аныкталса иш козголот", - дейт тергөөчү.

Эл эми коңшусу күнөөлөп жаткан тургундун жакындарына байланышканыбызда, Шерматованын айткандары калп деп билдиришти.

"Ал аксакал кишиде эч кандай жаман ниет болгон эмес. Суу алганы жолго чыгып кыздын короодо жатканын көрүптүр, бир аздан кийин үйдөн чыкса ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген кыз дагы деле короодо жаткан экен. Үйүндө эч ким жок го деп ойлоп, аны үйүнө алып кирип койгон. Бирок коңшубуз куру доомат коюп жатат, эми экспертизанын жыйынтыгын күтөбүз", - деди коңшусу күнөөлөп жаткан тургундун жакыны.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
amirrus
2018-08-07 18:38:43
азыр заман ушундай бироо олойун деп жатса корбомуш болуп кете бериш керек,жакшы ой менен суу ичирип тургузуп койсон ,уу берип
+9
Dalil
2018-08-07 19:13:59
Эгер андай ишке барбаса да өзү жалгыз алып киргени туура эмес. Ошончолук жардам бергиси келсе кошуна аялдардан бирөөсүн чакырып анан жардам бериш керек эле. Жанында анын жаман иш жасабаганына күбө да болмок.
+9
patiydin
2018-08-07 19:15:53
Мендеда ушундай болгон. Дтп га жардам берсем. Ал инсан олуп калды. Жакщы жанымда жакындары бар эле. Бирок милиция мени дагы суйроп Бир аз нерсеге сындырган.
+9
aiba.8327
2018-08-08 08:25:00
Ушундай окуялардын кеебири жалган жалаа болсо керек деп ойлоп кетем эптеп акча ондурмой....
+2
admin_media
2018-08-08 11:37:14
Bayanova,провокация жараткан билдирүү жазуудан алыс болгула!
0
namys
2018-08-08 14:07:56
Мумкун чын эле тийишкен чыгар ошенттим демек беле карыларга деле ишенуу кыйын болуп калды го
0
ulua
2018-08-08 17:14:54
Майып адам жалган айтмак беле тооба, катын кишилерди чакырып киргизмп койгула деп коргозуп койсо болмок да, ыймансыз десе...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан