"Талас облусундагы Манас районунда тоодогу чөптүн күйүп жатканына 10 күн болду. Чөп эле эмес, бир топ жылдык арча, кайыңдар күйүп кетти. Канткенде өрттү өчүрөбүз, бактын өсүүсү жай, ал үчүн көп жыл керек. Күйүп кеткени ыза кылып жатат", - деп жазылат "Элдик кабарга" келген бул билдирүүдө.
Окурмандын айтымында, жергиликтүүлөр да өрттү өчүрүү аракеттерин көрүүдө.
"Бул тоого техника чыга албагандыктан өчүрүү көйгөйү курч болуп турат. Ушундай кырдаалда ӨКМга тик учак керек экендигин ойлойт экенсиң. Тургундар бак-дарактын күйүп кеткенине ыза болуп жатабыз, канткенде өрт өчөт. Эми ӨКМ кандай аракеттерди көрөт?" - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.