"Кызымды 18 жаштагы бала манжасы менен зордуктоого аракет кылыптыр" дейт 13 жаштагы өспүрүмдүн апасы
"Бишкектеги соода борборлордун биринде жайгашкан кинотеатрдын дааратканасында 13 жаштагы кызымды 18 жаштагы жигит манжасы менен зордуктоого аракет кылган. Окуя 2 жыл мурун болгону менен, бизге эми гана белгилүү болду", - деп жабыркаган кыздын апасы SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кыз окуя тууралуу айтуудан коркуп жүрүп, 2018-жылдын март айында гана жакындарына билдирген.
"Эки жыл мурун кызымды жайкы лагерге жибергем. Ал жактан балдар-кыздар менен таанышып, жакшы мамиледе болуп калыптыр. Бишкекке келген соң балдар кино көрүү үчүн Бишкектеги соода борборуна барышып, кызым колуна шире төгүп алыптыр. Колун жууганы дааратканага киргенде артынан 18 жаштагы таанышы кирип келип, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап, манжасы менен зордуктоого аракет кылыптыр. Кызым коркконунан качып кеткенге үлгүргөн. Эгер качпаса эмне болмок эле? Ошол күндөн кийин ал депрессияга түшүп, эч ким менен сүйлөшпөй калды. Жадакалса өзүн өлтүрөм деп бир нече жолу аракет кылды. Бактыга жараша, аман алып калдык. Эмне себептен өмүрүнө кол салганын мажбурлап сураганда гана ачык айтты", - дейт кыздын апасы.
"Өспүрүм кыздын окуясын уккан апасы дароо тартип сакчыларына арыз менен кайрылган. Бирок милиция ишти тыкыр иликтебей жатат" дейт ал сөзүндө. Анын айтымында, милиция өспүрүм кызга зордук көрсөткөн балага ушул күнгө чейин кылмыш ишин козгой элек.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кызга атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерилгенин билдирди.
"Анын жыйынтыгында кыздын зордукталганы аныкталган эмес. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон жок", - дейт Оморов.