Кытайда Пекин менен Тайванды бириктирип туруучу суу алдындагы дүйнөдөгү эң узун тоннель курулат

Кытайлыктар суу алдындагы дүйнөдөгү эң узун тоннель куруу тууралуу долбоор иштелип жаткандыгы тууралуу жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта жазылгандай, жаңы салына турчу тоннель Тайвань жана Пекинди бириктирип турмакчы. Тоннелдин узундугу 135 чакырымга созулуп, андагы жүргүнчү поезддердин ылдамдыгы саатына 250 чакырымга чейин жетет.
Кытайлык окумуштуулар жана инженерлер аталган долбоорду 2030-жылга чейин бүтүрүүнү пландашууда. Алардын айтымында, долбоорду иштеп чыгып жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн ондогон курулуш компаниялар катышып, жүздөгөн миллиард доллар сарпталат.
Азыркы тапта аталган долбоордун иштеп башташына эң негизги тоскоолдукту эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жаратып жатат. Адистер мындай ири долбоорду ишке ашырууда аймактык чыр-чатактарды экинчи орунга жылдырып туруу зарылдыгын белгилешкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tuki110592
2018-08-08 15:01:48
Бул туралуу Эльдар дагы окусун дединби
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан