Чүйдө 86 жаштагы бир буту жок тургун дайынсыз болуп изделүүдө

Чүй облусунда 86 жаштагы Герасим Москалев аттуу тургун дайынсыз болуп изделүүдө. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 8-августта кабарлашкандай, жакындары Аламүдүн РИИБине кайрылып, Москалев Достук дачасындагы үйүнөн 7-август күнү чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдиришкен.

"Дайынсыз болуп жаткан адамдын эс-тутуму начар жана оң буту жок болгондуктан майыптарды арабасында отурчу экен. Кайда жүргөнү белгисиз, издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

Сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, Аламүдүн РИИБинин 0 (312) 36 35 27, 36 35 23, 0 (700) 67 55 56, 0 (700) 20 96 66 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан