Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кайрадан сынга кабылды. Бул ирет да премьер-министр анын ыңгайсыз учурашуусу үчүн интернет колдонуучулардын талкуусунун көңүл чордонуна айланды. Бул тууралуу британиялык маалымат булактары жазышууда.
Белгилүү болгондой, социалдык тармактарга Тереза Мэйдин ханзаада Уильям менен болгон учурашуусунун сүрөтү тараган. Сүрөт Амьен алдындагы согуштун 100 жылдыгына арналган салтанатта тартылган. Анда Тереза Мэй ыңгайсыз абалда туруп алып учурашып жатканын көрүүгө болот.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар премьер-министр өз жашына карабай аябай ийилчээк экенин айтышса, айрымдар Мэй өзүнүн бүкүрлүгүнүн айынан талапка ылайык жүгүнө албагандыгынан улам ушундай ыңгайсыз абалда туруп учурашканга мажбур экенин жазып чыгышкан.
Буга чейин да Тереза Мэйдин бул кыймыл-аракетин интернет колдонуучулар ичип алган жирафка окшоштурушкан.