Испанияда атайын тыңчылык кылуучу тиркеме аркылуу аялынын WhatsApp`тагы билдирүүлөрүн окуган жаран 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, 32 жаштагы жаран аялынын билдирүүлөрүн аңдып, көзүнө чөп салып жүргөнүн далилдеген бир нече фактыларды скриншот кылып аялына жиберген. Аялы жеке жашоомо тоскоолдук жаратууда деп айыптап, аны сотко берген.
Күйөөсүнүн ур-токмокко алып, зордуктаганын кошумчалаган аял 78 жылга камоону суранган. Бирок сотто ур-токмокко алуу, зордуктоо фактылары аныкталган эмес. Мунун негизинде сот испаниялык жаранды аялынын жеке жашоосуна кийлигишкен деп таап, 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ошондой эле жабырлануучу менен 4 жылга чейин жолугууга тыюу салган.