Нарын дарыясына чөгүп кеткен адам дале табыла элек

Жалал-Абадда Нарын дарыясына чөгүп кеткен 30 жаштагы Б.З. аттуу адам дале табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, издөө иши улантылууда. Учурда жалпы 9 адам издөө аракетин жасоодо.

"Бүгүн, 9-августта да издөө иштери улантылып жатат. ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6, №2 Издөө-куткаруу отрядынан 3 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 4-август күнү Таш-Көмүр шаарында 30 жаштагы Б.З. аттуу эркек киши Нарын дарыясына чөгүп кеткендиги тууралуу ӨКМга маалымат түшүп, издөө аракети башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-08-10 19:58:25
Аябай жакшы адам эле,ээээх жок дегенде соогу табылсынчы,бул жакта туруп менин журогум ооруп турат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан