Убада аткарылды. Өзбекстан президенти 23 жаштагы студентти туризм комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев 23 жаштагы студент Саидакбархон Акбаровду Мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган мекеменин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Акбаров - Ташкенттеги Эл аралык университеттин бизнес жана башкаруу факультетинин 4-курсунун студенти.

Мирзийоев бул кызматка аталган студенттин талапкерлигин өзү сунуштаган. Президент июнь айында Ташкенттин Алмазар районунда өткөн жыйында Акбаровду туризмди өнүктүрүү боюнча берген сунушу үчүн аталган кызматка туура келерин айткан.

Акбаров буга чейин ишкерлик менен алектенип келген. Ал 2013-жылдан бери билим берүү түйүнүн жетектеген. Ошондой эле онлайн билим берүү менен да алектенип, Ислам банкынан инвестиция тартуу боюнча конкурстарга катышып тажрыйба чогулткан.

Эске салсак, Акбаров президент катышкан жыйында: "Турист - бул конок. Конокту жакшы тосуп алган үйгө конок көп келет. Биз туристтер менен тыгыз байланышта боло турган таксисттерди, кафе, ресторан, мейманкана кызматкерлерин жана туристтик аймактагы жашоочуларды окутушубуз керек. Аларга англис тилин окутуп, туристтерге мамиле жасоону (сервис) үйрөтө турган борбор ачышыбыз зарыл", - деп сунуш айткан. Мирзийоев бул идеяны уккандан кийин аны туризм багытындагы жетекчилик кызматка даяр экенин баса белгилеп, ишке орноштурууну убадалаган. Ошондой ал Өзбекстанга Акбаров сыяктуу идеяга бай, өлкө үчүн иштөөгө даяр болгон жаштар керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Qwerty2018
2018-08-09 13:19:11
Акылына береке азаматсын. Президентке да соз жок....
+19
izdeim_seni
2018-08-09 13:20:28
Бизде да мындай сунушу бар жигиттерди колдошот. Бирок, депутаттын унааларын тазалап, короосун шыпырып, бут кийимин сүртүп, депутаттын жардамчысынын жардамчысы кылат.
(P.S. пессимист адам эмесмин, болгону биздеги ачуу чындыкты жаздым)
+26
Lintel
2018-08-09 13:22:43
мындай акылдуулар бизде камакта же чет жерде журот акылсыздар бийликте журот.
+29
Animatorkg
2018-08-09 13:37:22
Бизде мындай колдоо болбойт. Жеке оз башымдан откон. Президенттин аппаратынан чалып колдоо беребиз деп ошо менен жоголду. Бийлике болгон ишенимдин акыркы тамчысы ошо менен соолуп калган.
+21
maks1980bishkek
2018-08-09 13:37:49
бизде да бар мындайлар бирок.....эххххх.жазсам баняга кетем.унчукпайле коеюнчу
+17
Alia82
2018-08-09 14:04:58
Бизде мындай акылдуу патриотторду мүмкүн болушунча алыс кармаганга аракет кылышат, болбойле эл колдоп баратса камайт же жок кылат
+14
Benazir08
2018-08-09 14:29:45
Бизде деле Жанарды Аша оз сунушу мн депутат кылдырган. Бирок Жанар Ашанын созун суйлобой чындыкты айтып туруп алды Аша кайра балашканы тошко тепти
+8
Azat.97
2018-08-09 14:34:48
Мына президент деп ушуну айт.Биздин президентибиз болсо миллионерлерди алып келет.
+7
tnz
2018-08-09 17:43:02
Azat.97,ошол Жака кочуп кет анда биздин президент деп журо бересин, ал элдери да бийликтин чийген сызыгынан чыкпайт так что сен экообуз каалаганыбызды жазып жасап журбойлубу
-1
Sahka
2018-08-09 15:14:12
Кыскасы Кыргызстан онолбойт дегиле
+2
tnz
2018-08-09 17:44:53
Sahka,сенда кочуп кет мактанып журо бересинер тиги экоон как раз окшош экенсинер
+2
bek_tash
2018-08-09 22:33:19
Sahka, ошондоой тууган (
0
tnz
2018-08-09 17:46:42
Журогундо Кыргызстан деп эч Бир куйбогон адамдар ошентип ойлойт, бироонун аялы бироого Кыз корунот демекчи, шилекейинер куйулуп жаткандыр балким.
+1
Anjeli99
2018-08-09 18:09:47
Адам ондоону озунон баштоо керек,кыргыздар кайда болбосун бироонун ишине мурдун тыгып журот,коро албас мамлекетбиз,баарыбыз ушул адаттарыбыздан арылышыбыз керек,ошондо гана онолобуз,адамдын ниетине жараша болот баары,ниетибизди туз кылалы,бийликтегилерди сындатып койсо болду,сындабаган адамдын ОЗУ калбайт,жакшы жагында коро билуубуз керек.
+1
bibi87
2018-08-09 20:07:24
Озбекстанда туризм онугуп жатат. Биздин Ысык Колдой колу болбосо дагы, тарыхый шаарлары Самарканд, Бухара Хива дн шаарлары абдан популярдуу болуп жатат. Эми сервис менен маркетингди жолго коюп алса, туризм мн эле байый турган эл. Президент да молодец, жакшы иштерди жасап жатат. Ташкент Сити курулушу бутсо, вообще башкача шаар болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан