Ысык-Көл районунда көкүрөк тушуна ок тийген эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 9-августта облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Анын айтымында, 8-август күнү саат 23:30 чамасында Тамчы айылына жакын жердеги тоодон болжолдуу түрдө 45-50 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аты-жөнү белгисиз болууда.
"Ал адам көкүрөк тушуна мылтыктын огу тийип каза болгон экен. Жанынан бир мылтык, тамак-аш, кийим салынган баштык жана эки ат табылды. Бирине ээр токум токулуу экен. Азырынча факты өзүн-өзү өлтүрүү катары катталып жатат. Соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында маркумдун аты-жөнү жана башка жагдайлар белгилүү болот", - деди Усубакунов.