Өлкөдөгү айыл жериндеги аялдарды жумуш менен камсыздоо үчүн 1,5 миллион доллар бөлүнөт

27-июнда парламент жыйынында депутаттар үчүнчү окууда Япония фонду менен жакырчылыкты кыскартуу боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык 1,5 миллион доллар айыл жериндеги аялдарды жумушка орноштурууга бөлүнмөкчү. Буга чейин экономика министри Темир Сариев мыйзам ратификацияланса каражат Азия өнүктүрүү банкы аркылуу берилерин айткан. “Көрсөтүлгөн сумманын жарым миллиондон ашыгы ар кандай окутуу, семинарларга жумшалат. Бирок, негизинен, каражат айыл жергесиндеги ишкер аялдарды колдоо үчүн бөлүнөт”,- деп билдирген Сариев. Ошондой эле ал каражаттар чакан каржылоо уюмдары аркылуу берилерин жана шарттарды Азия өнүктүрүү банкы аныктаарын кошумчалаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан