Бишкекте ырчы Илгиз Абдалиевдин үйлөнүү тою өтүп жатат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KGге билдирди.
"Биз күткөн күн келип, маанай эң жакшы. Жанымда жакын досторум колдоп-коштоп жүрүшөт.
Жубайымдын аты - Минюра. 2014-жылы социалдык тармак аркылуу таанышып калганбыз. Ал кезде Минюра кофе сатууга буюртма алып иштечү. Телефонума "Кофе" деп сактап коюп, ар чалган сайын өз атын эстей албай калчумун. Атын кайрадан сурасам "мен кофе кыз" деп жооп берчү. Кийин жакындан таанышкан соң, мен издеген кызга жолукканымды түшүндүм.
Жарым жылдай интернет, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп араң жолукту. Ошондон бери сүйлөшүп жүрүп, бүгүн баш кошуп отурабыз", - деди ал.
Илгиз Абдалиев "Сүйкүм сүйүүм ай", "Апакем", "Кыргызда болсун дагы той", "Гүлдөй, гүлдөй", "Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим", "Саманчынын жолу" жана башка ырлардын аткаруучусу.