Баткенде каракчылык кылып жүргөн кыз кармалды. Мындай маалыматты 10-августта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 6-август күнү саат 17:00 чамасында катталган.
"Сүлүктү шаарынын 32 жаштагы тургуну үйүнө бейтааныш кыз кирип келип, ага жана анын 12 жаштагы кызынын моюнуна бычак кезеп, коркутуп, акча талап кылганын айткан. Анын сумкасынан 100 миң сом акчасын жана телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырган. Бул факты боюнча Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 20 жаштагы А.Ж. аттуу кыз шектүү катары Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылындагы таежесинин үйүнөн жашынып жаткан жеринен кармалды. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.