"Жарандык актылардын абалын каттоо кызматындагы, Социалдык фонддогу кызматкерлердин документтерге аты-жөндү жазуудагы катачылыгынан улам көп убара тарттым", - деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөткөн.
Анын айтымында, 4 баласынын үчөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө аты-жөнү туура эмес жазылган.
"Кичүү кызыма паспорт алганы барсам милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча документинде аты-жөнүндөгү "Ү" тамгасынын ордуна "У" тамгасы жазылып калыптыр. Мындан улам мени паспорт столдон Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына жөнөттү. 26-июлда аны оңдоо үчүн документ тапшыргам, 15 күндөн өттү, кайра келе элек. Сурасам эле "Бишкектен жооп келиш керек, сиз эмес сизден мурун тапшыргандардын документи эми келип жатат" деп жооп беришет. Күн алыс барып убара тартасың. Өзүңөр ката жазып алып, эмнеге кайра элди убара кыласыңар десем "Биз жазган эмеспиз, жазган адам жооп беришет" дейт. Жүгүрүп жүрүп 2 баламдын күбөлүгүн оңдоттум, анда да 110 сомдон кассага төлөш керек экен. Эмне үчүн кайсы бир кызматтын кетирген катачылыгынын азабын эл тартат? Жоопкерчиликти ким алышы керек? Жумушка сабаттуу кызматкерлерди албагандыгынын кесепети деп билем", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.