Шамал көйнөктү учурганда... Ханыша жана ханбийкелердин ыңгайсыз учурлардагы күлкүлүү сүрөттөрүнүн топтому

Ыңгайсыз учурларда ханыша жана ханбийкелер эмне кылышат? "Хелло.ру" сайты эң үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн ыңгайсыз жагдайлардагы күлкүлүү сүрөттөрүнүн топтомун жарыялады.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана анын үй-бүлөсүнүн өкүлдөрүнүн дээрлик ар бир кадамы атайын протоколго баш иет. Алардын коом алдындагы жүрүм-турум эрежелери мыкты пландаштырылган жана кылдат ойлонуштурулган.

Биз эч качан ханбийке Кейт Миддлтондун тырмагын кызыл түстө же башка көңүлдү бура турган ачык түстө көрбөйбүз. Ханыша Елизавета II чакан модалуу сумкасы жок (сумкасын колго кармап чыкса кызматкерлери ак сарайдан сыртка чыга тургандыгын түшүнүшөт) сыртка чыкпайт. Ал эми ханзаада Гарри жана ханбийке Меган Маркл расмий иш-чараларда ага чейин атайын пландалбаган болсо өбүшпөйт, жадакалса ашыкча кол кармашып жүрбөйт.

Бирок ага карабастан ыңгайсыз жагдайлар аларды байма-бай тооруп турат. Кээде эл алдында чалынып кетип жыгылат, бут кийимин жоготуп алат же катуу шамал баш кийимин, чачын учуруп, юбкасын көтөрүп кетип ханбийкелерди өздөрүн Мэрилин Монро сыяктуу сезүүгө аргасыз кылат.Булардын баары коомчулук алдында болгондуктан, ар бир жагдай, ага болгон каармандардын реакциясы, көз ирмемдик окуялар фотографтардын кадрына илинип жүрүп отурат.

Сүрөттөр топтомунан жакында бир айлык эс алууга кеткен түгөйлөр Гарри жана Меган Марклдын алардын досунун үлпөт тоюна баргандыгын көрүүгө болот. Кызыгы, ханзаада Гарринин тешик бут кийими, ал эми Мегандын кофтасын топчулаганды унутуп калгандыгы кадрга илинип калган. Ушул сыяктуу көптөгөн күлкүлүү жагдайларды төмөнкү галереядан көрүңүз.

Бул күнү ханзаада Гарри досунун үлпөт тоюна ылайыктуу дресс-код менен келгенине карабастан анын бут кийиминин таманындагы жыртыгы объективге түшүп калган. Ушул эле күнү анын жубайы Меган Маркл да элдин көңүлүн унаадан түшөр алдында кофтасын иретке келтирип албаганы менен бурган.

1979-жылы Оман Республикасындагы расмий иш-чара учурунда катуу шамал Елизавета IIнин шляпасын учуруп кете жаздаган.

Хан сарайдын аба күчтөрүнүн жоокерлери менен жолугууга келген ханыша унаадан түшкөндө катуу шамал болуп жатканынан кабардар болгон эмес. Табиятты тартипке салуу мүмкүн эмес...

Ханзаада Уильям жубайы Кейт Миддлтон жана кызы Шарлотта менен

Герцогиня Камилла чиркөөдөн чыгып келе жатканда катуу шамалга карабай шляпасын бир колу менен кармап, көтөрүлгөн этегин сумкасы менен жаап ыңгайсыздыктан чыгып кеткен.

Испаниянын падышасы Филипп Сарсуэла хан сарайында маанилүү жолугушуу учурунда басып баратып бут алдындагы килемге чалынып жыгылып кетүүсүнө аз калган.

АКШнын Ак Үйүнүн тепкичинде Билл жана Хиллари Клинтон менен жолугууга барган Испания падышасы Хуан Карлос жана ханыша София. Ханыша София чалынып кетип тепкичке таянып калган. Бул учурда Хиллари Клинтондун реакциясы көпчүлүктө нааразычылык туудурган.

Ыйык Патрик күнүндөгү салтанаттуу жүрүш. Ханзаада Уильям, Кейт Миддлтон жана торчого кирип кеткен така.

Даниянын ханбийкеси Мэри Улуттук Арлингтон бейитин көздөй басып бара жатып калып калган туфлисине кайтып келүүдө.

Испаниянын кичинекей ханбийкеси Леонор айрыкча чоң мааракелерде шоктонгонду жактырат.

Ханзаада жана ханбийкелер ат жарыш учурунда кызыктуу кадрларга түшүп калышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-08-13 00:35:21
Эч кандай куло турган жери жокко
-2
karakozum
2018-08-13 12:42:28
haydarkan, сен учун кулкулуу болбосо, башкасы учун кулкулуу эле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан