Бишкек шаарындагы Исанов көчөсү менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишине жакын жайгашкан көп кабаттуу үйдүн айланасында жардыруу болду. Учурда бул аймак курчоого алынып, милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турат.
Тартип сакчылары абалды иликтеп жатышканын айтышууда. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жарылуучу зат унаанын жанына коюлган. Милиция кызматкерлери азырынча көп кабаттуу үйдүн аймагына эч кимди өткөрбөй жатат.
"Бүгүн, 10-августта саат 11:28де тургундар жардыруунун үнүн укканын айтып, маалымдашты. Келип аймакты дароо курчоого алдык. Жардыруудан жабыркагандар жок, күбөлөр суракка алынды", - деди Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморов.