Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жардыруу болду. Учурда аталган даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн айланасы курчоого алынып, тартип сакчылары абалды көзөмөлдөөдө.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жардыруу жеке ишкерге кол салуу аракети болушу мүмкүн. Кол салуу болду делген орусиялык ишкердин кеңсесине жакын жерде анын унаасы токтотулган. Жарылуучу зат унаасынын жанындагы бадалга коюлушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Александр Гайдуков аттуу орусиялык ишкерге Бишкекте кол салуу болгондугу маалымат каражаттарында мындан 2 жыл мурун да жазылган. Күбөлөрдүн айтымында, бүгүн да аты аталган ишкерге кол салуу болгон.