Бишкек ШИИББи: Исанов-Рыскулов көчөлөрүндө болгон жардыруу орусиялык ишкерге карата кол салуу болгон

Кечээ, 10-августта Бишкек шаарындагы Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон жардыруу орусиялык ишкерге карата кол салуу максатында уюштурулганын Бишкек ШИИББи тастыктады.

Маалыматка ылайык, бул факт боюнча Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин "адамды өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Жардыруу орусиялык ишкерге карата уюштурулган кол салуу болгон. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.

Буга чейин Александр Гайдуков аттуу орусиялык ишкерге Бишкекте кол салуу болгондугу маалымат каражаттарында мындан 2 жыл мурун да жазылган. Күбөлөрдүн айтымында, кечээ, 10-августта да аты аталган ишкерге кол салуу болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdullatif
2018-08-11 10:22:09
Анда эмнеге жарылуу болгондо артын карап койбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан