Румынияда 100 миңге чукул жаран өкмөттү коррупцияга айыптап, митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, массалык митинг 10-августта Румыниянын борбору Бухарест шаарында болуп өткөн.
"Митингге чыккандар өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылышууда. Алар бийликтеги "Социал-демократтар" партиясын "уурулардын партиясы" деп аташып, өкмөттү коррупциянын булагы катары айыпташууда. Митингде полиция жарандарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газды, суу чачкычты жана түстүү гранаталарды колдонду. Андан 200гө чукул адам ар кандай жаракаттарды алган", - деп айтылат маалыматта.
Митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөдө иштеп жүргөн румыниялыктар. Алар өлкөсүндөгү коррупцияга каршы өкмөткө нааразычылык билдирүү үчүн кайтып келишкен. "Мен Румынияга, Румыния мага керек экенин сезип, кайтып келдим. Бул жерде баары коррупция менен булганган. Биз баарын өзгөртүшүбүз керек", - дейт АКШда иштеп жүргөн румыниялык жаран.
Румыния калкы 19 миллиондон ашат (2016-жылга карата). Маалыматтарга караганда, 5 миллионго чукул Румыния жараны чет өлкөдө иштеп жүрөт. Аталган өлкө Евробиримдиктеги жакыр өлкөлөрдүн бири.