Жамандын аты жар-жарда. Жар бетине ысымдарды жазган эс алуучулар кызуу талкууга алынууда

"Жергиликтүү эс алуучулар туристтердин көзүнчө жар бетине аттарды жазышты" деген билдирүүсүн социалдык тармактын колдонуучусу Максат Конушалиев өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Соң-Көл жайлоосуна бара жаткан жолдо жайгашкан Кажырты шаркыратмасынын жанындагы жардын бетине, эс алууга келген жергиликтүү тургундар чачма боёк менен "Миша+Кузя", "Канат, Азим" жана "1666" деген жазууларды калтырышкан. Окуяга күбө болуп жаткан башка эс алуучулардын алардын бул кылган иши туура эмес деген сөзүнө алар эч кандай жооп кайтарбастан, күлүп коюшкан.

Аталган сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүк интернет колдонуучулар жазуу калтырган адамдарды таап айып салып жана жардын бетиндеги жазууларды өчүртүү керектигин жазып чыгышкан. Ал эми айрымдары тоо-ташты булгап, ар кандай жазууларды, жарнамаларды калтыргандарды жоопко тартуу боюнча атайын мыйзам кабыл алыш керектигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
amirrus
2018-08-11 11:52:46
чон эле кишилер уялбайсынарбы кысталактар
+13
Flowhive
2018-08-11 12:12:52
Өзү союздан калган салт да, көрүнгөн жерге жаза бермей,даракка,партага,тоолорго,жада калса туалетке да
+11
rejepova
2018-08-11 12:17:27
Уят эле,улуу муун ушинтсе калганы каяка барат?!
+5
talant87
2018-08-11 12:44:48
Суусу сонунго
+7
beka666
2018-08-11 12:58:54
Чон эле кишилер экен, жаштарга улгу болгондун ордуна мынтип келесоолордун ишин кылып жатышат
+5
Rasul94
2018-08-11 13:08:21
=дегенден кийин уч тамганы жазып койсо аркасынан бироо барып.ха ха эле болот.
+5
Miroslav
2018-08-11 13:56:37
Туура айтасын уч эмес алты тамга кылыш керек К....р болот.
+2
Rasul94
2018-08-12 16:09:44
Miroslav,ха ха ха
0
Artyr1994
2018-08-11 14:04:33
Кулуп турган рожана к....
+2
ikitaidesu
2018-08-11 14:24:46
Бул адам сымал макулуктардын жашы өткөн менен акылы өспөй калыптыр...
+6
Gulnyr19
2018-08-11 16:31:09
Суперди окуган адамдардын ичинен бирөө жарым таанып калаар кимдер экенин
+1
kalpak.kg92
2018-08-11 17:18:41
Адам сымал ХХХХ жашы өткөн менен акылы өспөй калыптыр колдуда мусур кыл ушуга окшогон ХХХХ, жоопко тартуу керек созсуз
+2
jypara1415
2018-08-11 21:53:35
Миша+Кузя .....хм.. Эмне деген жоруктарды гана жасашпайт . Улууларга да , жаштарга да ынсап , ыйман берсин .
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-08-11 22:51:27
Чоң эле кишилер окшойт 1966-жылкылар адашып 1666 деп жазып алды окшойт.
-1
Nanei
2018-08-12 08:56:53
Мен жаш балдар жазганго деп кирсем,чонаталарго килейген
+3
anonymous
2018-08-13 10:32:16
1666 машинасынын номери
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан