Италияда туристтердин ортосунда селфи үчүн мушташ чыкты

Италиянын борбор шаары Римде туристтердин 2 тобунун ортосунда селфи үчүн мушташ чыкты. Мушташкандарды полиция кызматкерлери ажыраткан.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазып чыкканына таянсак, 19 жаштагы голландиялык кыз Треви фонтанындагы эстеликтин жанында селфи жасоо үчүн ыңгайлуу болгон жерди 44 жаштагы АКШлык аял менен талашып, мушташа кеткен. Эки айымдын урушуна алардын достору кошулушкан.

Урушуп жаткан топторду фонтандын жанында нөөмөттө турган полиция кызматкерлери көптөгөн туристтердин көз алдында ажыратышкан. Бирок көп өтпөй эки жак кайрадан уруша баштаган. Мушташты токтотуу үчүн кошумча дагы бир нече полиция кызматкерлери келген.

Мушташка катышкан туристтер ар кандай жаракаттарды алып, алардын 8и жоопко тартылган.

Маалымат үчүн: 2017-жылы Рим шаарынын мэриясы тарыхый фонтандардагы сууга түшүүгө, анын айланасына отуруп алып тамактанууга, таштанды таштоого жана баш аламандык кылууга тыюу салган. Мыйзам бузгандарга 240 евро айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl.jazi
2018-08-11 18:05:44
Кезек менен түшсө болот го тентектер
+4
altyn7776
2018-08-12 09:31:11
Же чонунда, же кичинесинде ыйман болсочу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан