"Эң негизгиси улгайган кезде мен жалгыз калган жокмун" деп билдирген Семенюк.
2. Зиона Чананын үй-бүлөсү, Индия
Азыркы тапта "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн ээси деп индиялык уста Зиона Чана эсептелет. Анын үй-бүлөсүндө 192 адам бар. Бирок бул жакта окуя башкача. Анткени Чананын 39 аялы бар. Ошондой эле үй-бүлө 33 неберелүү жана 14 келиндүү болгон. Бир туугандар 4 кабаттуу 100 бөлмөлүү үйдө жашайт. Бул жакта өзүнчө мектеп да бар.
"Мен өзгөчө адам болсом керек, анткени Жараткан ушунча адамга кам көрүүнү буюрду" деп билдирген көп балалуу ата.
3. Луиша Коста де Оливейранын үй-бүлөсү, Бразилия
90 жаштагы Бразилиядагы Риу-Гранди-ду-Норти штатынын жашоочусу 50 баланын атасы болгон. Анын 4 аялы бар. Алардын арасында 1 эне жана анын 2 кызы тең ага жубай болгон. Ошондой эле үй-бүлөнү анын 100 небереси жана 30 чөбөрөсү толуктайт. Луиша Костанын билдиргенине ылайык, ал аялдарынан башка дагы айымдар менен сүйүү мамилесинде болгон жана мындан улам башка балдары да бар болушу мүмкүн.
"Кудайдын жараткан эң жакшы нерсеси - бул аял" деп билдирген Коста.
4. Даада Рахмана, БАЭ
Даада Мурад Абдул Рахмандын 94 баласы бар жана анын айтымында, ал үчүн бул чек эмес. Ал 20 жолу үйлөнгөн. Бирок бир маалда 4төн ашык аял менен жашаган эмес, анткени бул мыйзамга туура келбейт. Үй-бүлө башчысынын 17 үйү жана унаасы бар. Ошондой эле көп балалуу ата мамлекеттен пенсия алат.
5. Ансентус Акукунун үй-бүлөсү, Кения
Көзү тирүү кезинде Асентус Акуку "коркунуч" деген каймана атты алып жүргөн. Анткени ал көзү түшкөн айымды эртеби, кечпи дайыма өзүнө багынтып алган. Биринчи жолу ал 1939-жылы үйлөнсө, акыркы жолу 1992-жылы үйлөнгөн. Ал өмүрүндө 100дөн ашык нике күткөн. Акуку жалпы 160 балалуу болгон. Өзүнүн чоң үй-бүлөсү үчүн ал мектеп, чиркөө салган. 2010-жылы 90 жаш курагында көз жумган.