"Ысык-Атадагы "Ыйык-Булагы" бассейнинин кире беришинде илинген жарнактардан кыргыз тилинде жазылган бир дагы сөз көрө алган жокмун" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Окурмандын маалыматына ылайык, "Ыйык-Булагы" бассейнинин айланасында таштанды толуп кеткен.
"11-август күнү "Ыйык-Булагы" бассейнине барып, көңүл чөгө турган абалга күбө болуп келдик. Бассейндин айланасына таштанды ыргытылып, айлана-чөйрө булганып жатыптыр. Унааларды токтотконуңар үчүн деп акча алат экен, бирок ал жактагы жолдун абалы өтө начар. Эс алуучу жайга кирип бара жаткандагы көрнөк-жарнактар, маалымат берүүчү такталар бардыгы орус тилинде экен. Кыргыз тилинде жазылган бир дагы жазууну көрө алган жокмун. Бул жерди иштетип жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын тил жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесин бузуп жатышпайбы. Бассейндин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн тараптар эмне иш кылып жатышат?" - деп билдирген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.