АКШда жаныбарларды куткаруу кызматы зордукталып өлгөн иттин ишин иликтөөнү талап кылууда

АКШда жаныбарларды куткаруу боюнча топ, ээлери тарабынан зордукталган питбуль породасындагы иттин өлүмүнүн иликтенишин талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жаныбарларды куткаруу кызматына Лос-Анжелесте турак үйдүн алдында иттин оор абалда жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Куткаруучу топ айтылган дарек боюнча келгенде кыймылсыз жаткан 5 жаштагы Карго аттуу питбуль породасындагы итти табышкан.

Аны ветеринардык көзөмөлдөн өткөргөн соң, ал адамдар тарабынан зордукталганы аныкталган. Көп өтпөй алган жаракаттарынан улам Карго өлүп калган. Жаныбардын өмүрүн сактап калууга аракет кылган куткаруучулар полиция кызматынан бул ишти иликтеп, иттин өлүмүнө күнөөлүү болгон адамдарды жоопко тартууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bolunbo.kyrgyz
2018-08-12 17:03:11
Откондо бизде дагы деп эле
0
vikidiki
2018-08-12 17:33:19
Буларда иттин зордукталганына куйуп бышып атышат. А бизде байкуш аялзаты кандай зомбулукка кабылса дагы ишти жапканга аракет кылышат. Алыс кетпей эле Бурулайды алалы. Коррупция, кайдыгерлик, ар ким оз жанын ойлогондор биздин бийликте. Элдер деле кайдыгер болуп калгандай коп нерсеге. Мисалы биздин домдун жанындагы мусорный бактарды 2метр алыс жылдырып коюшуптур тазалык иштеткендер. Ага бир себеби болгондур. А кээ бир жашоочулар мурунку эде ордуна таштап кетип атышат. Жерге эле. А так кичине баса
+8
ekaterinburg
2018-08-12 20:09:07
Бизде да болду беле ушундай окуя,адашпасам?Эмне болгон адамдар итти зордуктаган?Тообо эээй...Тиягын кесилгир!
+4
Aima94
2018-08-12 20:45:01
Бизде да болгон го аягы эмне болду???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан