Бишкектин дүң базарларында сарымсактын баасы килограммына 5 сомдон 50 сомго чейин сатылууда. Базарга барганда капка салынып, катары менен тизилип турган жерде "сарымсак баасы - 10 сом" деп жазылып турганын көрүүгө болот. Сатып алган адам жок болгондуктан, каптар бир нече күндөн бери ачыла электиги байкалат. Бир жыл мурун 50 сомго кардарлар майдаланган сарымсак алса, азыр тандап чоң-чоңдорун ала алышат. Бул көрүнүш дыйкандардын күйүтүнө айланганы айкын.
Сарымсак эгүү айыл-чарба тармагындагы кирешелүү тармак катары айтылып келген. Быйыл дыйкандар түшүм мол болгонун айтышууда. Бирок анын баасы кескин түрдө төмөндөп, чыгаша да акталбай калган.
Соодагерлер 2015-2016-жылдары сарымсактын баасы 230 сомго чейин жеткенин белгилешет. Өткөн жылы баасы 130 сом болгон. Жыл сайын баасы туруктуу, кымбат болгондуктан сарымсак айдаган дыйкандардын саны көбөйгөн. Жылдагыдан айырмаланып бул жылы сарымсакты чет өлкөгө экспорттоо азайган.
Бишкектин Көк-Жар жаңы конушуна сарымсак айдаган Жээналы Алымов күздө эгүү маалында чыгаша көп болгонун айтат. "Буга чейин өзүм соода кылып келгем. Жеке кассада акча болсун, акча айлантууга жарайт деп сарымсак да эгебиз. Былтыр сарымсак эгип, 1 гектар жерге 210 миң сом сарптадым. Жумушчулар да иштешет. Жыйынтыгында чыгашадан 80 миң сом чыккан жок. Акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу ушундай көрүнүш болду. Бажы биримдигине киребиз деп элдин баары көп айдап албадыбы. Мурун 1 гектар айдагандар 30 гектарга чейин айдап башташты. Тажикстан, Өзбекстанда көп айдалып, сарымсакты алганга адам жок болуп калды", - деди Жээналы Алымов.
Мындан сырткары ал азыркы базардагы көрүнүшкө карабай быйыл да сарымсак айдай турганын кошумчалап өттү.
Өткөн жылы сарымсактын уругунун 1 килограммы 50 сомдон 80 сомго чейин сатылган. Дыйкандардын айтымында, 1 гектар жерге 1 тонна 200 килограммдай урук керектелет. Жакшы сарымсактын уругун 80 сомдон алганда урук үчүн эле 96 миң сом керек болот. Бул чыгымдын башталышы эле. Жердин ижара акысы, жумушчуларга бериле турган эмгек акы, айдоо-отоо иштери, жер семирткичтер болуп чыгашанын суммасы 200 миң сомго жетет.
"Сары-Өзөн базарында" соода кылгандар дыйкандардан алып саткандыктан салыштырмалуу банкрот болушкан эмес. Ысык-Көл жана Чүйдөн келген дыйкандар сарымсакты дүңүнөн соодагерлерге 5 сомдон сатып кетип жатышат. Айрым дыйкандар түшүмдүүлүгү начар болгон сарымсакты жерден казып албай таштап коюшканы да маалым болду.
Таалайбек Нишанбай уулу да дүң базарда соода кылат. Тонналаган сарымсакты алып келип, баасы 5 сом экенин уккан дыйкандардын абалын сүрөттөп берип жатып “бул көрүнүш Кыргыздын эл аралык саясий оюнда утулуп калганынан улам болуп жатат” деген пикирин айтты.
"Эки жыл мурун сарымсактын баасы асманда болчу. Ошондо дыйкандар болуп көрбөгөндөй тездик менен байып, телеканалдар аркылуу сарымсак сатып байыса болот деген сыяктуу үгүттөө жүргөн. Биз Евразия экономикалык биримдигине кошулганда "дыйкандар өндүргөн товарыңарды Казакстанга экспорттоп сата аласыңар" деген мамлекет тарабынан ишеним кепилдиги болгон. Бирок ал ишке ашкан жок. Биздин бийликтегилердин кыска ойлуулугубу же Кремлдегилердин амалкөйлүгүбү жыйынтык башкача болду. Орусия экономикалык биримдикте туруп Кытайга болгон бажы төлөмдөрүн бир нече эсеге арзандатып койду. Кытайдын кооперативдери Орусиянын базарларына коё турган чоң өлчөмдө азык-түлүктү арзан баада ташып жатты. Бул Орусияга башка жактан келе турган товарларды чектеп койду. Орусия менен Кыргыз жергесиндеги сарымсакка болгон баанын айырмасы 5 эле рубль болуп жатат. Бул жактагы сарымсакты Орусияга алып баргандагы чыгым акталбай калат. Орусияга сатуудан пайда жок болуп калды. Өзбекстандын президентинин дыйкандарга "пахтага караганда алда канча кымбат мөмө-жемиштерди эккиле" деген тапшырмасы бар. Өзбек дыйкандары да сарымсакты көп эгишкен. Орусиянын базарына экспорт жасоо мүмкүнчүлүгү Өзбекстан, Кытай, Израиль жана Кыргыз мамлекетинде бар болсо, биз ушул учурда жеңилүү ызасын тартып жатабыз", - дейт ал.
Бүгүнкү күндөгү кырдаалдан чыгууга өкмөт жардам бере алат деген Таалайбек Нишанбай уулу: "Өкмөт, Айыл чарба министрлиги башын жерге чаап ызаланып жаткан дыйкандардын абалын жеңилдетиш үчүн сарымсакты сатып алып койсо жакшы колдоо болмок. Чоң-чоң кампалары бар. Азыр сарымсактын баасы 25-30 сом болуп жатса, өкмөт дыйкандардан 50-60 сомдон алып коё алат", - деп кошумчалады.