Москвада 70 жаштагы Абдырашит Токтогулов бир аптадан бери дайынсыз болууда

Москва шаарына Жалал-Абаддын Сузак районунан келген Абдырашит Токтогулов дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын жээни Бакытбек Буудайчиев бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына маалымдады.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы Абдырашит Токтогулов Москвага балдарына, эс алуу үчүн барган.

"Таякебиз Щёлковская метросуна жакын жердеги үйлөрдүн биринде балдарынын үйүндө жашап жаткан. 7-августта кечке маал короого чыгып эс алып келейин деп кеткен бойдон кайтып келген эмес. Психикалык жактан жабыркайт, ошол күнү таппай калганда эле полицияга кабарлап, издөө башталды. Ушуга чейин көп жерден издедик, өлүкканаларды да карадык", - деди Буудайчиев.

Ал белгилегендей, учурда дайынсыз болуп жаткан адамдын туугандары күн-түнүн уйкусуз өткөрүп жаткан учур.

оомчулукка кайрылууга аргасыз болдук. Таякем Москвага аялы менен келген. Шаарды билбейт", - деди ал.

Билдирүүгө караганда, Абдырашит Токтогулов ошол күнү сыртка үйгө кийген бут кийим менен чыккан. Үстүндө күрөң-боз түстөгү свитер, көк түстөгү шым кийип жүргөн. Жанында документтери жок. Сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо +7916 910-48-72, +996 704 556 628, +7968 631-70-80 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт Буудайчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nargiza1986
2018-08-12 18:28:12
Психикалык жактан жабыркаган адамды эмнеге алып келишет Москвага? Жакшыраак коз салып карасанар болмок экен, озун чыгарып койбой. Табылып калсын Эми.
+1
melashka
2018-08-12 19:33:24
nargiza1986,психикалык жактан жабыркаса эле кочого чыкпаш кк пи балдарын коргону келиптир сагынат ата деген табылып калсын байкуш!
+6
momun74
2018-08-12 21:27:08
melashka,макул алып кнлишти карашпайбы жалгыз чыгарбай андай адамды бир мунот жалгыз калтырып болбойтго эми аман эсен табылып калсын кудайдан тилейли
0
raykray
2018-08-13 13:16:45
nargiza1986,оой оорууп атат деп эле Москвага алып келбеш керекпи? Эл корот жер корот биз ишьеп турганда деп алып келгенда балдары!
0
Nuraruu5
2018-08-12 20:14:29
Сузактын кайсыл жеринен болот экен билип бергилечи
0
bond02
2018-08-13 00:20:06
Табылып калсын эми, карыганда ботон жерде жоголуп кетпей.
0
beishen93
2018-08-13 04:46:06
Туугандар бул киши табылды
+3
meni_kut
2018-08-13 10:19:36
beishen93,каерден
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан