ЭЛДИК КАБАР: "Алайда туристтерди алып бара жаткан Тажик жаранынын унаасын сел агызып кетти" дейт окурман

"Алайда туристтерди алып бара жаткан Тажик жаранынын унаасын сел агызып кетти" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.

Окурмандын айтымында, окуя Ош-Эркеч-Там унаа жолунда орун алган.

"Окуя бүгүн, 12-августта саат 12:00 чамасында Оштун Алай районунун Гүлчө айылынан 30 чакырым алыстыкта болгон. Сел агымы кечки саат сегиздерде гана токтоп, жол ачылды. Тажик жаранынын унаасы туристтерди алып бара жатып селге туш келген. Аз көлөмдө агып жаткан селден өтүп кетүүгө аракет жасаганда капыстан келген ири агымга туруштук бере албай унаа агып кеткен. Бактыга жараша, жүргүнчүлөр унаадан качып чыгууга үлгүрүшкөн. Унааны болсо сел жарга түшүрүп салган", - деп билдирген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Алайдагы сел унаа агызды (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jin1209
2018-08-13 00:09:15
Бизде Ноокатта жоок жамгыр кургап чанып кетти бар жок
+2
Ermekbai
2018-08-13 02:43:52
Jin1209,жамгыр керек деле эмес эми. Чөп буудай өсұп жатканда жааса жакшы болот түшүм мол болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан