5 мамлекет 1992-жылдан бери чечилбей келген Каспий деңизи маселеси боюнча бир чечимге келишти

Кечээ, 12-августта Казакстандын Актау шаарында бешинчи Каспий саммити өттү. Ага Казакстан, Азербайжан, Орусия, Иран жана Түркмөнстандын президенттери катышып, Каспий деңизинин укуктук макамын аныктай турган конвенцияга кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кол коюлган документтин жобосу боюнча 5 мамлекет өздөрүнө тиешелүү аймактарды аныкташып, андан чийки затты өндүрүүгө укук алышкан. Бирок ага 5 өлкөнүн орток келишимде көрсөтүлгөн уруксаты бар болуп, ошондой эле экологиялык талаптар сакталууга тийиш экени белгиленген.

Укуктук документтин дагы бир негизги жобосу - кол койгон 5 мамлекеттин аскерлеринен сырткары башка өлкөлөрдүн аскер күчтөрүнүн жайгашуусуна тыюу салынган.

Айрым маалыматтарга караганда, Каспий деңизинде 50 миллион барель мунай запасы жана 9 триллион куб жаратылыш газынын запасы бар экени белгилүү. Деңизди бөлүү маселеси 1992-жылдан бери талкууланып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Benazir08
2018-08-13 09:32:01
Укмуш го аны болойлу деп масилат кылышыптыр да. Жакшы
+2
Ermekbai
2018-08-13 10:28:27
Каспий деңиз эмес көл деп аталып калган.
+1
Azat.97
2018-08-13 11:14:45
Кечиресиздер.Барель мунайы деген кадимки эле бензинби ошондо?
+1
zzz---zzz
2018-08-14 01:55:52
Azat.97,нефт, чийки зат
0
Mamiev
2018-08-13 11:35:11
Каспий деңиз колу болуп айтылат. Эң чоң көл. Россия чечип берген го дейм
+1
Farm94
2018-08-13 12:30:08
Каспий деңизи болуп айтылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан